Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Котормолордун мисалдары: Абсолютная величина

Орусча Кыргызча
Цены пошли вверх, пока денежная величина политики остались прежними. Полистеги акчанын саны мурункудай болгону менен, баалар кымбаттап кеткен.
Образность Бог есть абсолютная существо, абсолютное понимание и знание и мудрость и абсолютную любовь и сострадание. Кудайдын келбети бул абсолюттук маңыз, чекчиз билүү, билим жана акылмандык, чексиз мээримдүүлүк жана сүйүү.
Максимальная величина транзакции, ниже которой операция с картой осуществляется без авторизационного запроса в режиме оff-line. Транзакциялардын максималдуу өлчөмү, андан төмөн болгон учурда, карт менен операция авторизациялык суроо-талапсыз оff-line режиминде жүзөгө ашырылат.
Там только одна абсолютная реальность по определению, один абсолютное бытие по определению, потому что абсолютное есть, по определению, один, и абсолютная и единственном числе. Жалгыз гана бир абсолюттук чындык бар, аныктоосу менен алсак, бир гана абсолюттук зат бар, аныктоосу менен алсак, себеби абсолют, анын маанисине карасак, жалгыз дегенди билдирет, чексиз жана бир.
Там эта абсолютная концентрация существа, абсолютная концентрация сознания, осознания, абсолютная локус сострадания и любви, который определяет основные атрибуты божественности. Тиричиликтин абсолюттук топтолушу, сезимдин абсолюттук топтолушу, түшүнүүнүн; мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн чексиз орундалышы Кудайдын эң маанилүү касиеттерин аныктайт.
Показатель обеспеченности экономики денежными средствами; величина, обратная скорости обращения денег. Рассчитывается как отношение объема денежного агрегата к валовому внутреннему продукту. Экономиканын акча каражаты менен камсыз болуу көрсөткүчү: акчанын өлчөмү, кайтарым жүгүртүү тездиги. Ал акча топтомунун көлөмүнүн ички дүң өнүмгө карата катышы катары эсептелинет.
Установленная, зафиксированная в расчетной ведомости или в иных документах величина заработной платы в денежном выражении, характеризующая уровень оплаты труда вне связи с ценами на товары и услуги и денежными расходами работника. В отличие от номинальной реальная заработная плата учитывает покупательную способность денег. Эсептөө ведомостунда же башка документтерде белгиленген, чагылдырылган, акчалай туюндурулган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр баасы жана кызматкердин акчалай чыгашаларына байланыштуу болбогон эмгекке төлөө деңгээлин мүнөздөгөн эмгек акынын өлчөмү. Номиналдык эмгек акыга караганда, айкын эмгек акыда акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү эске алынат.
размер процента за кредит, займ; относительная величина процентных платежей, выплачиваемых заемщиком кредитору за определенный период времени (месяц, год). От процентной ставки во многом зависит прибыль кредитора. В условиях инфляции процентная ставка увеличивается, так как включает в себя полностью или частично ожидаемый уровень инфляции. Процентная ставка, размер которой не фиксируется на весь срок кредита, называется плавающей. кредит, насыя үчүн пайыз өлчөмү; белгилүү бир мезгил аралыгы (ай, жыл) үчүн карыз алуучу тарабынан кредиторго төлөнүп берилүүчү пайыздык төлөмдөрдүн салыштырмалуу өлчөмү. Кредитордун пайдасы көбүнесе пайыздык ченге жараша болот. Инфляция шартында пайыздык чен көбөйөт, анткени анда инфляциянын күтүлүп жаткан деңгээлинин толук же бир бөлүгү камтылат. Өлчөмү кредиттин бүтүндөй мөөнөтү үчүн катталбаган пайыздык чен өзгөрүлмөлүү пайыздык чен деп аталат.
Стоимостная оценка минимального набора материальных благ и услуг, равных по величине стоимости минимальной потребительской корзины, необходимых для обеспечения жизнедеятельности человека и сохранения его здоровья, а также суммы обязательных платежей и сборов. Величина прожиточного минимума рассчитывается органами государственной статистики и предназначается для оценки уровня жизни населения при разработке и реализации социальной политики и программ, обоснования устанавливаемых минимального размера оплаты труда и минимального размера пенсии, а также для определения размеров стипендий, пособий и других социальных выплат, а также формирования госбюджета. Адам баласынын жашоо тиричилигин камсыз кылуу, анын ден соолугун сактоо, ошондой эле милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар суммасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минималдуу керектөө куржунунун нарк өлчөмүнө барабар болгон материалдык ыңгайлуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомуна нарктык баа берүү. Тиричилик минимуму өлчөмү мамлекеттик статистика органдары тарабынан эсептелинип, социалдык саясатты жана программаларды, эмгек акынын минималдуу өлчөмүн, пенсиялардын минималдуу өлчөмүн белгилөө негиздемелерин иштеп чыгып, ишке ашырууда, ошондой эле стипендия, жөлөк пул ж.б. социалдык төлөөлөрдүн өлчөмүн аныктоодо, калктын жашоо-деңгээлине баа берүү үчүн каралган.
1) Сумма, которую должник должен кредитору на какой-либо момент времени. Эта стоимость обычно определяется условиями контракта между должником и кредитором. Она отражает стоимость требования/обязательства при его создании и любые последующие экономические потоки, такие как операции (например, погашение основной суммы), изменения стоимостной оценки (включая изменения обменного курса и другие изменения стоимостной оценки, кроме изменений рыночной цены) и любые другие изменения (например, списания);
2) Сумма, которую в любой момент времени заемщик должен кредитору; величина этой суммы чаще всего определяется исходя из условий контракта между дебитором и кредитором. Номинальная стоимость долгового инструмента отражает стоимость долга на момент его возникновения, а также любые имевшие место экономические потоки, такие как операции (например погашение основной суммы долга), изменения в связи с переоценкой (не зависящие от изменений его рыночной цены) и другие изменения.
С концептуальной точки зрения, номинальная стоимость долгового инструмента может быть рассчитана путем дисконтирования будущих выплат процентов и основной суммы по существующей договорной ставке (ставкам) процента по данному инструменту; последняя может быть фиксированной или переменной. Исходное значение цены, нарицательная величина стоимости денег и ценных бумаг, обычно указываемая на денежных знаках, ценных бумагах.
1) Карызгер кредиторго кайсыл болбосун убакытта төлөп берүүгө тийиш болгон сумма. Бул нарк адатта карызгер менен кредитор ортосундагы контракттын шарттарында аныкталат. Ал аны түзүүдө талаптардын/милдеттенме-лердин наркын жана операциялар (мисалы, негизги сумманын ордун жабуу), нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсү (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн тышкары, алмашуу курсунун жана нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда) жана кандай болбосун башка өзгөрүүлөр (мисалы, эсептен алып салуулар) сыяктуу кандай болбосун келечекте орун алышы мүмкүн болгон экономикалык агымдарды чагылдырат;
2) Карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат.
Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: